Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө эки күндөн бери таң калыштуу абал түзүлүп жатканы коомчулукка маалым. Ал жерге төрт боз үй тигилип, 500гө жакын адамдар чогулуп, келгендерге тамак жасоого бука союлганы да айтылган. Бүгүн болсо интернетке ал үйгө түн жарымында атчан жигиттер келгенин чагылдырган сүрөт жарыяланды.