Кечээ, 26-июнда Бишкектеги Ала-Тоо кинотеатрында кыргыздын чыгаан уулдарынын бири, саясий ишмер Жусуп Абдырахмановдун өмүр жолуна жана саясий ишмердүүлүгүн чагылдырган документалдык тасманын бет ачаары болду. Тасманын тартылышына ишкер Аскарбек Салымбеков демөөрчүлүк кылган. Режиссеру - Эрнист Абдыжапаров. Жусуп Абдырахмановдун ролун актер Болот Тентимишов аткарды. 

 

Тасма көрсөтүлүп бүткөн соң Аскар Салымбеков сүйлөдү. Ал Жусуп Абдырахмановдун кыргыз элине калтырган "Кыргыз элин сактагыла!" - деген аманаты бүгүн актуалдуу болуп турганын белгиледи. 

 

"Кыргыз эли бүгүнкү күндө биримдикте, ынтымакта болуусу зарыл. Кандай окуялар болуп жатканын көрүп турабыз. Чабышканды токтотушубуз керек. Чабышып жүрүп эмне таптык?" - деди Аскар Салымбеков. 

 

Жусуп Абдырахманов Кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө өзгөчө салым кошкон инсан.