Экс-президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүнө тарапташтарын чогултту. Үйдүн жанына төрт боз үй тигилип, дарбазанын кире бериш жерине бетон плиталар коюлганын көрүүгө болот. Ошондой эле тарапташтардын чогулушунда болгондордун айтымында, бир машине таш алынып келинип, короого төктүрүлгөн. Аны ошол жерде тургандар оңдоо иштери жасалат деп түшүндүрүшкөн. Бул бир гана машине таш эмес, ага чейин да бир нече жолу ташылып келингени короонун ар кайсы жеринде үймөк болуп, үстүнө чөп ташталып жаткан таштар бардыгын көрүп билүүгө болот. 

 

Жалпысынан Кой-Таштагы экс-президенттин үйүнө 400дөн ашуун адам келгени айтылууда.