Уюлдук телефон уурдаганы үчүн темир тор артына кармалган кош бойлуу келин үй камагына чыкты. Чечимди Свердлов райондук соту кабыл алды. 

 

Келиндин адвокаты сот айыпталуучунун кош бойлуу экенин жана бир жаштагы баласы бардыгын эске алган. Ошондой эле, бул келин экс-прокурор менен чогуу бир камерада отурган. Салянова ага акыйкатчы Токон Мамытовго кайрылуу жазууга жардамдашып, тажрыйбалуу юристтерди да жардамга чакырган. 

 

Адвокаттар телефондун баасы 10 миң сомдон ашпай турганын аныктоого жетишишкен. Андыктан иш жоруктар Кодекси боюнча квалификацияланышы керек. Айыпталуучу айып пул жана коомдук иштерге чегерилиши мүмкүн.