Жогорку Кеңеште 26-июндагы пленардык жыйындын күн тартиби түзүлдү. Анда ар башка окуудагы 20 мыйзам долбоору каралмай болду. 

 

Ал эми экс-президент Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратуу түзүлгөн депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча Башкы прокуратуранын корутундусу да каралбайт. Анткени, аны күн тартибине киргизүү боюнча атайын комиссиянын мүчөлөрү тарабынан сунуш түшкөн жок.