Мамлекеттик мүлктү башкаруу Фондунун маалыматына караганда, Кыргызстандын бардык мүлкү 84 миллиард сомго бааланды. Бул мүлктөрдүн баланстагы наркы. Ошол эле учурда министрликтер менен мекемелердин мүлктөрүнүн базар баасы андан бир топ жогору, 564 миллиард сом.
Бул тууралуу аталган фонддун башчысы Ренат Түлөбердиев билдирди. Айтымында, баалардын мындай айырмаланышы ар кандай баала түзүмүн колдонуудан улам келип чыгат.