Кыргыз Республикасынын президенти

Жээнбеков Сооронбай Шариповичге

 

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

 

Сауд-Аравиядагы “Camel Fest” фестивалына көчмөндөр оюндарын араб элине тартуулоо максатында барган сапарыбызда эл алдына чыгууга акыркы даярдыктарды көрүү учурунда бутумдан оор жаракат алдым. Бул күндөр мен үчүн абдан кыйын болду. Оор операцияны баштан өткөрдүм. Бирок, мен даярдык көрүү учурунда, башкача айтканда, иш учурунда (өндүрүштүк) жаракат алсам дагы, иш-чараны уюштуруу комитети Кыргызстанга келгенден бери бүгүнкү күнгө чейин бир да жолу абалымды сурап койгон жок.

 

Ал эми келечекте мен бутума туруп, басамбы же баса албай каламбы, өзүнчө маселе болуп турат. Буга ким жооп берет?! Өндүрүштүк жаракат болгон үчүн албетте, мыйзамдуу түрдө уюштуруу комитети жооптуу да.

 

Азыркыга чейин элдин, журналисттердин берген суроосу көп. “Алар уюштуруу комитети сизге жардам бердиби? Мамлекет тарабынан кандай камкордук көрсөтүлдү?”- деп жазышууда. Тилекке каршы, ушул күнгө чейин эч кандай жардам көрсөтүлгөн жок. Же Кыргызстандын желегин көтөрүү убагы келгенде биз жакшыбыз да, минтип кырсыкка учурап калсак, каралбай калабызбы?! Уюштуруу комитетинин “кырсыкка өзү күнөөлүү” дегендей мамиле жасашы - барып турган адилетсиздик!

 

Этнооюндар конфедерациясы жаракат өндүрүш учурунда алынып, кагылышуу оюндардын учурунда болуп өткөндүгүнө карабастан жоопкерчиликтен качып жатат. Ошондой эле тиешелүү документтер менин расмий түрдө катышуучу болуп санала тургандыгымды жана чет өлкөлүк элдин алдында Кыргыз Республикасынын атынан “Camel Fest” фестивалынын башка катышуучулары менен биргеликте жаа атуу, ат үстүндө жаа атуу, бүркүттөрдүн катышуусунда бийлөө өнөрүнө жана улуттук ат оюндарында чыгышым керектигин тастыктап жатса да “чабандес фестивалдын расмий катышуучусу болуп саналбайт” деп шылтоо кылышууда. Буга чейин КРнын маданият министри мындан ары реабилитациялоого жана кырдаалды териштирүүгө жардам берүүнү убада кылса дагы эч кандай жардам берилип, көңүл бурулган жок.

 

Урматтуу Президент! Цирк - өтө тобокелчиликтүү, сейрек өнөр. Ага карабастан, бул өнөр ээлери көрүүчүлөрдү кубантып келишет. Бирок, мамлекеттик цирк болуп жаткандан кийин андагы өнөр ээлеринин коопсуздугу да сакталышы керек го. Ошондой эле эмгек укугунда дагы өндүрүштөн жаракат алган учурда тиешелүү тартипте камкордук көрүү милдети бар эмеспи. Ушундан улам, мен өзүмдү кыргыздын көчмөндөр оюндарын, баалуу өнөрлөрүбүздү таанытуу максатында барган сапарда, иш учурунда (өндүрүштүк) жаракат алгандыгым үчүн белгилүү бир көңүл бурууга татыктуумун деп эсептейм (Жок дегенде аталган иш-чараны уюштуруучулар абалымды сурап коюшса ыраазы болуп калбайт белем) .

 

Мен туш болгон бул абалдын адилет каралышын күтөм. Алдын-ала ыраазычылык билдирем жана калыстык, акыйкаттык бар деп үмүт артам.

 

 

 

Урматтоо менен,

Асланайым Аширова

Булак: “Майдан. kg” гезити