Жогорку Кеӊеште “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Ушу тапта негизинен калк жайгашып, отурукташкан, бирок расмий түрдө айыл болуп эсептелбеген калктуу конуштардын саны жүз элүүдөн ашык. Алардын катарына төмөнкүлөр кирет:
- Тосту калктуу конуштагы 499 кожолукта 1763 киши;
- Туюк-Жар калктуу конуштагы 383 кожолукта 1511 киши ;
- Өлөң-Булак калктуу конуштагы 291 кожолукта 1404 киши;
- Кара-Башат калктуу конуштагы 488 кожолукта 1837 киши;
- Чарбак калктуу конуштагы 276 кожолукта 859 киши.
Белгилей кетсек, КР Өкмөтүнө караштуу Административдик-аймактык түзүлүш жана географиялык аталыштар боюнча мекемелер аралык комиссиясы аларга айыл макамын берүү сунушун берген. Ал үчүн 70 миӊ сом талап кылынат, бул каражат демөөрчүлөрдүн эсебинен каржыланууга тийиш. Ал эми жаңы түзүлгөн 5 айылдын айыл башчыларын кармоого жергиликтүү бюджеттен жылына 420 миӊ сом жумшала турганы белгилүү болду.