«Балдардын гармониялуу өнүгүүсү — мамлекеттин артыкчылыктуу багыты бойдон калат», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-июнда, Баланын укугу жөнүндө БУУнун конвенциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын бул Конвенцияга кошулганынын 25 жылдыгына арналган Улуттук форумда.
"Бириккен Улуттар Уюму 1948-жылы кабыл алган Адам укугунун жалпы декларациясында: балдар өзгөчө камкордуктун жана жардамдын объектиси болушу керек деп белгиленген.
30 жыл мурда глобалдуу деңгээлде Баланын укугу жөнүндө конвенция кабыл алынган.
Анда баланын кызыкчылыктарын татыктуу камсыз кылуу принциби каралган.
Конвенция балдар ата-энеси тарабынан да, мамлекет тарабынан да өзгөчө камкордукка дайыма муктаж экенин белгилейт.
Быйыл Кыргызстандын Баланын укугу жөнүндө конвенцияга кошулгандыгына 25 жыл толот", - деди президент.
"Конвенцияда белгиленген баланын укугу, анын толук жана гармониялуу өнүгүүсүн эң мыкты камсыз кылуу принциптери — биздин коомдун тарыхый кыртышына туура келип, Кыргыз Республикасы тарабынан толугу менен колдоо тапкан.
Биз илгертен эле балага карата болгон баалуулуктарды аздектеген коом болуп келгенбиз.
Ата-бабаларыбыз балдарды бапестеп, кийинки муунду чоӊ камкордук менен өстүргөн.
Кыргызстандын балдарды коргоо боюнча азыркы учурдагы көрсөткүчтөрү да жаман эмес.
Бириккен Улуттар Уюму белгилеген — Миӊ жылдыктын өнүгүү максаттарынын бири — балдардын өлүмүн үчтөн экиге кыскартууга жетишкен 62 мамлекеттин бири.
Кичинекей балдардын өнүгүү көрсөткүчү 72 пайыздан ашты.
Мектепке чейин, 5 жаштан ылдый окутулуп жаткан балдардын саны 64 пайызды түздү.
Мектепке кирүү алдындагы билим 91 пайыз балдар үчүн жеткиликтүү болуп калды.
Биздин өлкөдө балдардын укуктук негиздери жетиштүү деӊгээлде камсыз болгон.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдери үй-бүлөнү жана балдарды коргоонун атайын кепилдиктерин карайт", - деди мамлекет башчы.