"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында орнотулган камералар 24-июнга карата 211 миң 384 эреже бузууну каттаган. Бул   Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик агенттигинин төрагасынын орун басары Кубанычбек Шатемиров   маалымат жыйынында билдирди.

 

Айтымында, айыптардан түшкөн каражат  125 млн 730 миң сомду түзгөн.  


"Коопсуз шаар" долбоору өлкөдөгү  жол кырсыктарын жана андагы адам өлүмүнүн санын азайтуу максатында ишке ашырылган.  Максат ишке ашты. Салыштырмалуу  Бишкектин жолдорундагы адам өлүмү 52,9%, Чүй облусунда 37,2%, ал эми республика боюнча 21,5 пайызга кыскарды", - деди ал.