2026-жылдагы Кышкы Олимпиада оюндары Италияда өтөөрү тууралуу чечим Эл аралык Олимпиада комитетинин  24-июнда Лозанна шаарында өткөн 134-сессиясында кабыл алынды.

 

XXV кышкы Олимпиада жана Паралимпиаданын борбору катары Италиянын Милан жана Кортина-д’Ампеццо шаарлары тандалган. Олимпиада оюндарын өткөрүүгө Италия менен  Швеция мамлекети талапкер болду. 

 

Италия буга чейин үч ирет Олимпиада оюндарын өткөргөн.