Бүгүн, 25-июнда конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүм жана регламент боюнча комитетинин жыйынында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратуу боюнча айыптоолорго Башкы прокуратуранын корутундусун окуп берди.

 

 Башкы прокуратура депутаттар тарабынан көрсөтүлгөн алты айыптын бешөөсүнө негиз бар деп тапкан. Алар:

 

  1. Депутаттарды, сотторду, коомдук ишмерлерди жана ММКларды куугунтукка алуу – негиз жок, анткени Атамбаевдин катыштыгы бардыгына далил жок.
  2. Атамбаев үй курган Кой-Таш айылындагы жер тилкесин мыйзамсыз өзүмдүк кылып алуу – өзгөчө оор кылмыштын белгилери бар.
  3. Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу – өзгөчө оор кылмыштын белгилери бар.
  4. Мыйзамсыз баюу – өзгөчө оор кылмыштын белгилери бар.
  5. Бишкек ЖЭБине мыйзамсыз көмүр жеткирүүгө катыштыгы бар боюнча – өзгөчө оор кылмыштын белгилери бар.