48 жаштагы Ж.А.нын денесине залал келтиргени үчүн шектүү кармалды. Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, Сокулук районунун Жаңы-Жер шаарчасынын милиция бөлүмүнө 24-июнда  Төмөнкү-Чүй айылында бир нече жаш жигиттер жергиликтүү тургунду сабашкан деген маалымат келип түшкөн. Айтылган жерге   тергөө-ыкчам тобу  барганда 22 жаштагы А.Т. 48 жаштагы атасы Ж.А.га кол көтөргөн топко тийиштүү чара көрүү арызы менен кайрылган. Ал учурда жабырлануучу аймактык ооруканага жеткирилген болчу.

 

Кылмыштын бетин ачуу үчүн тергөө кызматы тийиштүү кызматтарга тапшырма берген. Анын негизинде, шектүү катары 38 жаштагы М.З. кармалган. Сурак учурунда ал 4 ай мурун аялы менен жабырлануучунун ортосунда мамиле бардыгын байкап калганын, андан улам аялы менен ажырашканын айткан.

 

Үй-бүлөлүк маселенин айынан эки тургундун ортосунда кайым айтышуу, сөз менен каршылашуу башталган. 24-июнда болжол менен 19:30да айылдын көчөсүнөн бет келишип калышып, урушуп, андан ары мушташка өткөн. Анын жыйынтыгында, 48 жаштагы жаран денесинен жараат алган.

 

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

 

Белгилей кетсек, жабырлануучу аталган айылдын айылдык кеңешинин депутаты.