Бүгүн, 25-июнда  Кыргызстанда «Коопсуздук-2019» биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык окуу-машыгуу башталат. Окутуулар  Нарын шаарында жана Ат-Башы районунда өтөт жана аталган аймактарда 26-июнда саат 21.00дөн таңкы 6.00гө чейин коменданттык саат жарыяланат.

 

“Коопсуздук-2019” машыгуулары 25-27-июнга белгиленген. Ага ИИМ, УКМК, ӨКМ өкүлдөрү катышат. 

 

 

Машыгуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин Кыргызстандын аскердик коопсуздугун камсыздоо даярдыгын текшерүү максатында өтөт. Анда өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү, чукул жана аскердик кырдаал киргизилген учурда режимди камсыздоодогу даярдыктар текшерилет.