Экс-мэр Нариман Түлеев Башкы прокуратурага суракка барды, аны мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин иши боюнча чакырышканы маалым болду.
Бирок, тергөөчү кандай суроолорду бергенин, сурак кайсы темада жүргөнүн ачык айткан жок. Анткени, айтымында, ал жерде болгон сөздүн баарын тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн сыртка чыгарбоо боюнча тил кат алышкан.
Нариман Түлеев Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссияга мурдагы президент шайлоо кампаниясына андан 500 миң доллар алганын кенен-кесири жазып жөнөткөн.