Ветеринария жана фитосанитария коопсуздугу боюнча Маминспекция Өзбекстан менен Тажикстандан алынып келинген дарбыз менен коондорго көзөмөлдү күчтөтүүнү суранууда. Бул тууралуу инспекциянын башкчысы Калыс Жумабеков Айыл чарба министрлигине жазган катында көрсөттү.
Анда айтылгандай, базарларды текшерүүдө башка жактан алынып келинген коон-дарбыздарда нитраттар нормадан ашык экени аныкталган. Бул адамдардын ден соолугу үчүн кооптуу.
Буга дейре Ош базарында коңшу мамлекеттерден алынып келинген коон-дарбыз сатылып жатканы айтылган. Анын курамындагы нитраттар нормадан 15 эсеге көп экени текшерилген.
Тийиштүү кызматтардын маалыматына караганда, коон-дарбыздар аталган өлкөлөрдөн Кыргызстанга Баткен облусу аркылуу алынып келинүүдө.