Аймактык ооруканадан 22-июнда Сокулук райондук нөөмөт бөлүмүнө эки кичинекей баласы денесиндеги жарааттары менен келип түшкөнү тууралуу кабар берилген. Ооруканага дароо тергөө-ыкчам тобу барган. 3 жана 5 жаштагы балдар дарыланып башташкан. 

 

Милиция кызматкерлери балдардын энесин суракка алышканда, ал 21-июнда саат болжол менен 22:00дө коңшусунан күйөөсү мас абалында балдарды сабап жатканын угуп жумушунан үйүнө чуркап келгенин, 3 жаштагы баласы кулап, ал эми 5 жаштагы баласы анын жанында отурганын көргөнүн айткан. Аял балдарды дароо ооруканага алып жөнөгөн. Бирок, ал күйөөсүнө эч кандай доосу жоктугун билдирип, териштирүүнү токтотууларын суранган. 

 

Ага карабастан милиция кызматкерлери балдардын 26 жаштагы К. Ч. Сокулук райондук ИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.