Мурдагы башпрокурор Аида Саляновадан эки тараптуу пневмония дарты табылды. Дарыгерлер аны бул акыбалында абакка которууга болбой турганын айтышууда. 

 

Салянованын сиңдиси Чынара Турдалиева билдиргендей, ал учурда ооруканада дарыланууда. Убак-убагы менен өпкөнү жасалма шамалдатуу аппаратына кошуп жатышат. Ошондой эле экс-башпрокурордун инфаркт алдындагы абалга кептелгенин дарыгерлер аныкташып, абакка которууга такыр мүмкүн эместигин айтышкан. 

 

Эске салсак, Салянова Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулушу боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде 3-июнда камакка алынган.