«Бизнес мамлекеттин жөн гана өнөктөшү болбостон, экономика чөйрөсүндөгү саясатка катышып, ага таасирин тийгизе алышы керек», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-июнда, Өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү комитетинин биринчи жыйынында.

 

 

«Мамлекет бизнестин реалдуу өнөктөшү болушуна аракет жасоо зарыл.


Ал эми бизнес болсо өнүгүү процессинин тең укуктуу катышуучусу болушу керек.


Өнөр жай тармагын өнүктүрбөй туруп, өлкөнү өнүктүрүү мүмкүн эместиги талашсыз.


Биз келечекте өнөр жайды узак мөөнөттүү өнүктүрүү боюнча көз карашты калыптандырган жана аны жүзөгө ашыруу жолдорун аныктаган аянтча түзүүбүз керек болду.


Ушул көйгөйлөрдү чечүү үчүн бизнес менен мамлекеттин ортосундагы атайын диалог аянтчасын түздүк.


Бул Комитеттин негизги максаттары төмөнкүдөй:  


Биринчи, Өнөр жайды өнүктүрүү жана модернизациялоо максатында жагымдуу бизнес чөйрөнү калыптандыруу боюнча туруктуу негизде талдоо жүргүзүү жана сунуштарды иштеп чыгуу.


Экинчи, Мамлекет менен бирдикте Кыргызстандын өнүгүү келечегин аныктаган ишкерлердин реалдуу катмарын түзүү.
Маанилүү чечим кабыл алуу процессине тең укуктуу деңгээлде катышкан,  өнүгүүнүн субъектиси болгон өнөр жайчылардын статусун калыптандыруу.


Ишкерлер мамлекеттин жөн гана өнөктөшү болбостон, экономика чөйрөсүндөгү саясатка катышып, ага таасирин тийгизишин камсыз кылуу.


Үчүнчү, ата-мекендик жана чет элдик өнөр жайчыларга жагымдуу шарттарды түзүү менен экономиканын структурасын жаӊы чакырыктарга ылайык өзгөртүү.


Ушул максаттарга жетүү үчүн Комитеттин алдында кандай милдеттер турат?


Өлкөдөгү өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө багытталган стимулдардын эффективдүүлүгүн талдоо;


Өнөр жай тармагына багытталган инвестициялык программаларды сунуштоо;


Өнөр жай тармагына зарыл болгон заманбап адистерди даярдоо жолдорун иштеп чыгуу;


Өнөр жай тармагын тейлеген инфраструктураны жакшыртуу жолдорун сунуштоо;


Соода жана мамлекеттик сатып алуулар саясатын өзгөртүүгө багытталган сунуштарды иштеп чыгуу;


Ошол эле учурда, жалпы эле бизнеске жолтоо болгон тоскоолдуктарды так аныктоо жана мамлекеттик органдардын катышуусу менен ушул тоскоолдуктарды жоюуга таасир этүү керек.


Аны менен бирге, экономиканын артыкчылыктуу чөйрөлөрүндө мониторинг жана баалоо жүргүзүү зор мааниге ээ.
Баалоонун жыйынтыгы боюнча, Комитет бардык кызыкдар тараптарга сунуштарды бериши зарыл.


Комитеттин иши бизнестин мамлекетке болгон ишеничин жогорулатып, өнүгүүгө реалдуу түрткү берет деп ойлойм", - деди мамлекет башчы.