"2017-жылга карата иштеген мамлекеттик ишканалардын саны 99 болсо, иштебей туруп калгандары – 780. 2018-жылга карата мамлекеттик ишканалардан 951,4 млн сом киреше түшкөн. Бул 2017-жылга салыштырмалуу 27 млн сомго көп. Бир аз көбөйүү байкалган", - деди депутат Жыргалбек Турускулов «Республика – Ата Журт» фракциясынын жыйынында.
Жыйын жүрүшүндө фракция лидери «Дастан» ТУК, «Манас» эл аралык аэропорту» ААКсы, «Ысык-Көл - Аврора» санаторийи сыяктуу ишканалардан бюджетке каражаттар аз түшө баштаганына көӊүл бурду. Анын айтымында, 2018-жылы жогоруда аталган санаторийден болгону 1,3 млн сом түшүп, тагыраак айтканда, ар айга бөлгөн сумма 105 миӊ сомду гана түзгөн. Ж.Турускулов ишкананын кирешесин көбөйтүүгө реалдуу мүмкүнчүлүктөр бар экенин баса белгиледи.
Мындан сырткары, фракция лидери акыркы үч жылда мамлекеттик ишканаларда орчундуу каржылык мыйзам бузуулар жана коррупциялык көрүнүштөр боюнча кызмат адамдарына карата 258 кылмыш иши козголгондугун айтты. Маалыматка ылайык, каржылык мыйзам бузуулардын көпчүлүгү «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасында (57 кылмыш иши), «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасында (9 кылмыш иши) жана «Аскер курулуш» мамишканасында аныкталган.
Талкуу жүрүшүндө фракция мүчөлөрү рынок шартына ылайык мамлекеттик мүлктөрдүн ижарасы боюнча механизмдерди иштеп чыгуу маселесине токтолушту. Эл өкүлдөрүнүн айтымында, ижарадан түшкөн каражаттар жыл өткөн сайын төмөндөөдө. Ошону менен катар эл өкүлдөрү чыгашалуу болуп саналган мамлекеттик ишканаларды жоюу же ишенимдүү башкарууга берүү же болбосо аларды мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында өнүктүрүү боюнча ой-пикирлерин ортого салышты. Мындан сырткары, баардык мамлекеттик компаниялардын ишмердүүлүгүнө баа берүү, мамишканаларга электрондук документ жүгүртүү тутумун киргизүү сунуштары берилди.
Белгилей кетсек, фракциянын бүгүнкү жыйынында КР Өкмөтүнүн мамлекеттин үлүшү бар мамлекеттик ишканаларды, акционердик коомдорду, жана улутташтырылган объекттерди башкаруунун натыйжалуулугу, ошондой эле “Республика – Ата Журт” фракциясынын чечимдеринин аткарылышы жөнүндө маселе каралды. Жыйынга вице-премьер-министр Замирбек Аскаров башында турган Өкмөт мүчөлөрү катышты.