Ош облусунда жол кырсыгы катталып, анда 10 жаштагы бала каза тапты. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти. 

 

Маалыматка караганда, 22-июнда Ош-Папан-Кожокелен унаа жолунун 30-чакырымында жол кырсыгы орун алган. "Жигули" автоунаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, Ак-Буура дарыясына кулаган. 23-июнда куткаруучулар автоунааны дарыядан алып чыгышты. Анын ичинен айдоочунун жана 10 жаштагы баланын сөөгү табылган. Сөөк туугандарына өткөрүлүп берилди.