Айрым маалыматтык агенттиктер булактарга шилтеме берүү менен Нарын шаардык сотунун мурдагы соту Ж. Эрматов үй камагына бошотулганын билдиришкен.
Бул боюнча ИИМ төмөнкүдөй билдирет: Азиз Батукаевди мыйзамсыз эркиндикке чыгаруу боюнча кылмыш ишин сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Нарын шаардык сотунун мурдагы соту Ж. Эрматов ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилип, суракка алынган. Сот тарабынан 2 айга тергөө абагына камакка алуу чечими чыккан. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү тергөө иш-аракеттери жүрүп жатат.
Азиз Батукаев Нарындагы абакта кармалып турганда жаза мөөнөтүнөн 9 жыл эрте бошотулган. Ага - айыккыс дартка чалдыкты, саналуу өмүрү калды деген диагноз коюлган. Бирок, аз убакыт өтпөй диагноз жасалма экени маалым болгон.