Депутат Исхак Масалиев экс-президентти кол тийбестик макамынан ажыратуу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусу эл өкүлдөрүнө жете электигин билдирди. Ал жыйын учурунда депутаттардын компьютеринде корутундунун тексти жоктугун айтты эле, комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиев кечирээк текстти тарата тургандыктарын кабарлады. 

 

Жогорку Кеңеште 13-июнда Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча депутатык комиссия түзүлгөн. Атамбаевге алты айып тагылды: Тарых музейиндеги, Бишкек ЖЭБиндеги коррупция, Азиз Батукаевдин бошотулушу, ЖЭБге көмүр жеткирүүгө катыштыгы, үй курууга алган жзер тилкесинин мыйзамсыздыгы жана Ысык- Көлдөн эки гектардан ашуун жерге ээ болуусу боюнча.