Жогорку Кеңеште экс-президенттин кол тийбестигин алуу маселеси каралып, анда сүйлөөгө алты гана депутат жазылды. Микрофонго биринчилерден болуп Ирина Карамушкина жетти.
"Депутаттар бул маселени талкуулоого даяр боло элек. Тарых үчүн тастыктаманы коомчулуктун назарына койгула. Ал фамилияларды жаттап алалы, убакыт баарын өз ордуна коет. Бул бир жактуу комиссия болуп атат. Эркектер, силердин эркиңер кайда калды? Жарымы өч алып жатат, дагы жарымы саясий амбициясынан аттап өтө алган жок , - деди Карамушкина.
Депутаттык комиссия 13-июнда түзүлгөн. Ал Атамбаевге айып тагып, башпрокурорго жөнөтүшү керек.