Каржы министрлигинин жол тармагы боюнча 200 млн сомдон ашуун карызы бар. «Кыргыз турак жай коммуналдык бирлик» ишканасы да карыз болуу жагынан артта калбады, ага  көмүр боюнча миллиондогон карызы илинген.

 

 

Бул тууралуу депутат Мирлан Бакиров Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

 

Айтымында, аталган мамкызматтардын карызын төлөй турган түрү жок. Өкмөт бул маселени көзөмөлгө алып, чечип бериши зарыл. 

 

«Эмне, быйыл кыш келбейби? Эртеӊ эле кыш келет, ага азыртан даярдык көрүшүбүз керек, а каражат болсо тартыш болуп турат. Өкмөт мамлекеттик органдар менен мекемелердин дебитордук карыздары боюнча толук маалымат берсе жакшы болот эле», - деди депутат.