“Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Жер кодексине, “Жайыттар жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө”, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорунун  демилгечилеринин  бири депутат Мирлан Бакиров болду.

 

Мирлан Бакировдун айтымында, мыйзам долбоорунун концепциясы менен асылдуулугу төмөн жайыт жерлерин өздөштүрүүгө көп жылга пайдаланууга берүү максаты коюлган. Тагыраак айтканда, бонитети төмөн жайыттарды көп жылдык мөмөлүү бак-дарактарды тигүү үчүн трансформациялоого багытталган. «Мыйзам долбоору таш баскан, кум баскан жерлерди иштетүү максатында даярдалган»,- дейт демилгечи. Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы менен айыл чарба жерлерин кыйла интенсивдүү пайдаланууга жетишилет. Асылдуулугу төмөн жайыттарда топурактын эрозиялык процесстери токтойт. Багбанчылык өнүгөт. Калк өз алдынча жумуш орундарын түзүп, алардын кирешелери өсөт.

 

Республиканын экспорттук дарамети жогорулап, экономикага да чоң салым кошот, экологиянын жакшырышына өбөлгө болот. Кайра иштетүүчү ишканаларга чийкизат базасы түзүлөт. Салыктык кирешелер көбөйөт.

 

Талкууда депутат Ирина Карамушкина мыйзам долбоору боюнча сын-пикирлер эске алынбагандыгын билдирип, жайыттардын менчиктештирилип кетиши ыктымалдыгы сыяктуу тобокелчиликтерди айтты. Демилгечи депутат М.Бакиров долбоордо менчикке кетет деген сөз жок экенин, жерлер КР Өкмөтү белгилеген мөөнөттө, шартта бериле тургандыгын, мыйзам долбоорундагы менчиктештирүү коркунучу бар учурлардын баары КР Өкмөтү менен биргеликте сыдырылып, алынып салынгандыгын маалымдады. Мындан сырткары, М.Бакиров кунары качкан жерлерге мөмө жемиш бактарын айдоо боюнча, өзгөчө, Баткен, Ысык-Көл облусунан кайрылуулар келгендигин кошумчалады. Анын айтымында, бак-дарак тигүүгө берилген жерлер өз максатында пайдаланылбаса кайра кайтарылып алынат.

 

Депутат Аалы Карашев Айыл чарба, тамак-аш өнөржайы жана мелиорация министрлигинин позициясына кызыгып, министрликтин буга оӊ көз карашта экенин тактады. «Мөмө- жемиш бактарын тигем деп алган жерлерин коруп алгандар менен малын жайлоого чыгарам дегендердин ортосунда талаш-тартыштар чыгышы мүмкүн, буларды эске алуу керек»,- дейт А.Карашев.

 

Талкуу жыйынтыгында мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.