Депутат Камчыбек Жолдошбаев парламент жыйынында КТРКнын мурдагы жетекчиси Илим Карыпбеков кызмат ордун тапшырып кетип жатканда, анын урматына той өткөрүлгөнүн жар салды. Айтымында, той өтө чоң болуп, тай союлган. Эл өкүлү тойдо тартылган сүрөт, видеолор да бар экенин белгиледи. 

 

КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы Жыпар Жекшеев бул боюнча кабары жоктугун айтты эле, депутат аны келекелеп алгансыды. 

 

"Албетте, сизди ал жакка эч ким чакырган жок да. КТРК кандайдыр бир иш чара өткөрөт, ал жакка бир гана билет менен киргизишет. Билетти саткандан түшкөн акчалар кайда? Сиздер уктап жатканда, салык кызматы бул нерсени текшерип башташты. Ал тойдо тартылган сүрөт, видеолор менде бар", - деди депутат. 

 

 

Жолдошбаевдин билдирүүсүнөн кийин Илим Карыпбековго кайрылганыбызда, ал эч кандай той болбогонун билдирди. 

 

"Кайсы той жөнүндө айтып жатканын билбедим. Эгер ал адам шылтоо табылса эле той өткөрө берсе, элдин баары эле так ошондой кылат дегенди билдирбейт да. Ал башкаларды да өзүндөй ойлоп жатат", - деди мурдагы жетекчи.