Жогорку Кеңештин депутаты, учурда абакта жаткан Осмонбек Артыкбаев тергөөгө Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирүү маселесине ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев түздөн түз таасир эткенин билдирген.
Бул тууралуу экс-президент Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратуу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жетекчиси Каныбек Иманалиев билдирди.
"Артыкбаев Атамбаевге каршы көрсөтмө бергенин тергөө кызматынын өкүлдөрү билдиришти. Тергөөчүлөр бизге айткандай, Атамбаев бир нече жолу Артыкбаевди чакырып, көмүр жеткирүү боюнча жарыяланган тендерден кайсы компания утуп чыгышы керектигин эскерткен. Бирок, жыйынтыгында экс-президент айткан компания утпай, такыр башка компания алдыга чыккан. Мындан улам Артыкбаевди энергетика министрлигинен алып салышкан", - деди Иманалиев.
Айтымында, экс-президент "Прогресс компани" компаниясынын кызыкчылыгын коргогон. Артыкбаевдин көрсөтмөсү Атамбаевдин көмүр жеткирүү маселесине аралашканын айгинелейт. Ошондуктан, анын кол тийбестигин алып, укук коргоо кызматтарына мурдагы президенттин кылган-эткенине баа берүү мүмкүнчүлүгүн бериш керек.
Б