Интернетке депутат Каныбек Иманалиев 2013-жылы эл аралык иштер боюнча комитетти жетектеп турганда Бишкек ЖЭБин модернизациялоого Кытай банкынан насыя алууга макулдук берип, кол койгон документ жарыяланган. Депутат бул ишти каралоого жасалган аракет катары баалады.
"Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин чечими ЖЭБди модернизациялоодогу коррупцияга байланышы жок. Интернетке тараган документ өкмөттөр арлык макулдашууну түзүү учурундагы кадимки процедура. Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхында парламент эл аралык келишимге макул болбой койгон бир да учур катталган эмес. Конституцияга ылайык, долбоорлордун демилгечиси дайыма өкмөт болот. TBEA менен бул келишимге дагы бир гана эл аралык иштер боюнча комитет эмес, бюджет жана каржы, ошондой эле жылуулук-энергетикалык комплекс жана кен иштетүү комитеттери дагы макулдугун беришкен", - деди депутат.
"Документти мени жаманатты кылгысы келгендер атайын интернетке чыгарышты. Дүйнөлүк практикада комитеттин төрагасын эл аралык ратификация үчүн жоопко тарткан көрүнүш жок. Парламент техникалык жабдыктарды сатып алуу жана ага канча чыгым кеткенин көзөмөлдөбөйт. Биз жөн гана макулдук беребиз. Кимдир бирөөгө мени каралоо керек болуп калып алты жыл мурунку документти таап чыгыптыр. Ал документ мыйзамсыз экенин далилдеп беришсин", - деди депутат.