Бюджеттик каржы тартибин бузган кызмат адамдарына кандай чара көрүлөт? Канчасы кызматтан бошотулду? 

 

Ушундай суроолорду депутат Азамат Арапбаев парламентте Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету угулуп жатканда берди. 

 

 

«2018-жылы 2,4 млрд сом өлчөмүндөгү каржы тартибин бузуу фактысы аныкталды. Айрыкча эмгек акы төлөө, курулуш көлөмүн көбөйтүү жаатындагы тартип бузуулар жылдан-жылга кайталанып келет. Өкмөткө айрым аткаминерлерди кызматтан бошотуу сунушу менен кайрылганбыз, бирок аларга сөгүш берүү менен чектелип калышты. Бюджеттик каржы эрежесин бузгандардын эч кими кызматтан бошотулбады», - деди Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов.

 

Эсептөө палатасынын төрагасынын пикиринде, натыйжасыз коротулган бюджеттик каражаттардын ордун аткаминерлер кайра эле мамлекеттик бюджеттин эсебинен эмес, өз чөнтөгүнөн толтурууга тийиш.

 

«Өкмөт ушундай талап коюшу керек, ансыз мындай көндүм жосундардан кутулуу, андай аткаминерлерден арылуу кыйын», - деп кошумчалады Улукбек Марипов.