"Көптөгөн  аткаминерлер   мамлекеттик каражатты жеке кызыкчылыгына жумшоого көнүп бүтүшкөн. Алар министрликтер менен мекемелерге жетекчи болуп келери менен бюджеттик каражатты жыра тартат дагы, жазага тартылбастан уурдалган акчаны уучтаган бойдон бизнеске кире качышат. Ошентип, алардын бизнеси мамлекеттик бюджеттен уурдалган акчага түптөлөт", - деди  депутат Аида Исмаилова Жогорку Кеӊеште Эсептөө палатасынын 2018-жылдагы иши жөнүндө отчет угулуп жатканда. 

 

 

Андан тышкары, депутат Саламаттык сактоо министрлиги менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик акысыз кызмат көрсөтүү чараларын стандартташбаганын баса белгиледи.

 

«Мындайча айтканда, ушул кезге чейин калктын калыӊ катмарына кепилденген акысыз сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүлбөй келет. Муну да эстен чыгарбашыбыз керек», - деди Аида Исмаилова.