Депутат Кожобек Рыспаевдин парламент жыйынында сүйлөгөн видеосу интернетке тарап, анын сандарды кошуудагы кетирген катасын катуу талкууга алышты. Ал жыйында 50гө 70ти кошсо 130 болоорун айткан.
Мындан улам интернет колдонуучулары ага "математиканын отличниги" деген "наам" да ыйгара салышты.
А депутат булардын баарын аны атайын жаманатты кылууну каалагандар жасап жатат деп ойлойт.
"Мен ага капа болгон деле жокмун. Көңүл да бурбадым. Жыйында автоматтык түрдө эсептеп жаңылсам жаңылып калгандырмын", - дейт ал.
Кожобек Рыспаев аз убакыттын ичинде ушуну менен экинчи жолу коомчулуктун сынына кабылды. Буга чейин Атамбаевдин билдирүүсүнө жооп берип жатып "Биз чимкирик эмеспиз, биз - саясий элитабыз" - дегени үчүн интернет колдонуучулары талкууга алышкан.