Эсептөө палатасынын төрагасынын отчетун угуу учурунда депутат Улукбек Ормонов палатанын кызматкерлеринин маянасына кызыкты. Айтымында, миллиондогон каржылык эреже бузууларды ачыкка чыгарган кызматкерлер жакшы айлык акы алышы керек. Болбосо акчага азгырылуу оңой болуп калат.
Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов башка мамлекеттик кызматтарга караганда аларда маяна кыйла жакшы экенин белгиледи:
"Төрага 26 миң алат, инспекторлор 18 миң сом. Андан тышкары стаж жана чин үчүн кошумча акча төлөнөт. Андан тышкары фонд бар, эреже бузуулар аныкталса пайыз которулат. Андан биз мыкты иштеген кызматкерлерге сыйлык беребиз".
Бирок, депутатты 26 -18 миң сом, ага кошумча төлөмдөр да канааттандырбады.
"Ушул акча жетиштүү дейсизби? 200 миң, 300 миң сом болсо анда түшүнүктүү болмок", - деди Ормонов.