Экс-президенттин кол тийбестик макамын алуу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйынында элдик парламенттин мүчөсү Александр Гусев "дагы канча чыдайбыз?" - деди.
"Атамбаевдин эс-акылын текшертиш керек. Аны билгенимден тартып өзүнүн пикирин таңуулаган, коркутуп-үркүткөн адам экенин билем. Психикалык оорулуу Атамбаевге дагы канча чыдайбыз? Ал өлкөгө кайгы жана кыйынчылык алып келди. Ал бийликте отурган кезде күнөөсүз адамдарды камады, алардын күнөөсү ошол кездеги президенттин кемчилигин ачык айтып коюшкандары болду. Ансыз деле адекваттуу эмес Атамбаевдин "крышасы" кыйшайып калды. Ал шайлоочуларга ачык эле бийликти басып алууну айтып, шыкактап жатат. Ушул билдирүүсү үчүн эле аны камаш керек", - деди Гусев.
Депутаттык комиссиянын башчысы Каныбек Иманалиев Гусевге бир нече жолу жеке адамдык сапатка асылбоого чакырды.
Белгилей кетсек, экс-президентти кол тийбестиктен ажыратууга 80 эл өкүлүнүн добушу керек.