"Майдан. kg" саясий гезитинин башкы редактору Нургазы Анаркулов бүгүн, 17-июнда 40 жашка чыкты. Коомдук ишмер Сабыр Муканбетов туулган күн ээсине каалоо-тилегин жолдоду:
"Бар бол Нургазы!
Көчө саясатында көп жыл жүрүп, жаш жетип, ташыркадык. Буттар баягыдай күч бербеген менен, жүрөк менен талыбаган жаак тынчычудай эмес... Акыры күндөп, түндөп саясый айдыңда бирге жүрүп, жытыбыз сиңишип калган, күжүлдөгөн журналистер коомуна аралашып кеттим. "Бекер жатканча айранга нан чылап же" демекчи, бекер жатканча ойумду ортого салып, коомдун өнүгүүсүнө аздыр-көптүр салым кошойун дедим. Ал аракетим жерде калган жок. Журналисттер кучак жайып тосуп алды.
Жаштар менен аралашып, жаштыктын деми менен кайра жанданып, депрессия унутта калды. Көптөгөн журналист балдар, кыздар менен дос болдум. Алардын баары тууралу айтса бүткүс сөз бар! Бирок менин бүгүнкү айтайын дегеним башка...
Бүгүн "Майдан" гезитинин редактору Нургазы Анаркуловдун, менин ини досумдун туулган күнү. Менин жаш журналист досторумдун ичинен эң абийрдүүсү, эң адамкерчиликтүүсү, эң туруктуусу ушу Нургазы. Ар дайым жеңилимди жерден, оорумду колдон алып, колдоо көрсөтүп, колунда бар жардамын аябайт.
Мен Нургазыга -"сен да мага окшоп алтымышка чыкканда сенин да жаныңда азыркы мага дос болгондой жөлөгүң, ини досуң болсун!" деп бата бердим.
Ден-соолугуң бекем болсун! Өмүрүң узун болсун! Үй-бүлөөң, эл-журтуң аман болсун! Бар бол Нургазы!"
Биз дагы Нургазы Анаркуловду туулган күнү менен куттуктап, үй-бүлөсү менен эсенчиликтен бакыбат өмүр сүрүшүн каалайбыз.