Депутат Жылдыз Мусабекова маалымат каражаттарынын бирине маек берип жатып, сөгүнчөөк адатын тамаша-чын аралаш: “Энемдин курсагынан эле сөгүнүп түшкөм”, - деп түшүндүргөн. Ошондой эле, сөгүнчөөктүгүн калтырууга көп эле адамдар аракет кылганын, анын арасында маркум Бабырбек Жээнбеков да бар экенин айтып, “Бабырбек (!) менен калчылдаша кеткем”, - деген.
Депутатка маркумдун уулу эмес, келини жооп кайтарып, Мусабекова менен “эрөөлгө” чыкты. Кыязы, экс-депутат Равшан Жээнбеков аял менен аялдын кармашуусун туура деп таап, жубайын алдыга салып, өзү четке чыга берди окшойт.
Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаева Мусабекованын депутат эмей эле, комбайнчы боло тургандай түрү бардыгын белгилеген:
“Ушуну ким журналист дейт?! Ушуну ким айтат жогорку билимдүү деп?! Алган билимин, ата-энеден алган тарбиясын, деңгээлин, өзү дөөдүрөп кенен түшүндүрүп бериптир. Былжырап, тантырап бир тың кыргыз тилин сүйлөй албайт, башка тилди айтпай эле коёлу. Мындай катындан, Энеден Кудай сактасын!
Өтүп кеткен адамдын арбагын козгоп эмнеси бар бул сөөрөйдүн? Папамдын (кайнатамдын) ылайым арбагы уруп кетсин! Бабырбек Субановичтен, Равшан Бабырбековичтен айланып гана кетсин! Бул адамдардын көз карашы, ой жүгүртүүсү, дүйнөлүк көзкараш. Тантык сөөрөй катын менен бул адамдардын деңгээли, билими, адамгерчилиги асман менен жердей.
Бул катын комбайн айдап, каалашынча сөгүнүп тата-пата деп, тантырап талаада жүрүш керек эле да… Өзүнө-өзү туура мүнөздөмө бериптир. Депутат болуп адашып, темселеп, сүйрөлүп келип иштеп калганын сезип, билип, өзүнүн деңгээлин түшүнүп, деңгээлин билдириптир.”
Баарынан кызыгы Жылдыз Мусабекованын жообу болду. Учурда өзүн оппозиционермин деп жүргөн, а убагында мамлекеттик кызматтарды башкарган маалында оңду-солду сологон акчалары, элдин байлыгын тоногон жоруктары улам суу үстүнө калкып чыга калып, бирок аны моюнуна албай, анын баары “оппозициялык көз карашы үчүн” атайын жасалып жатканын билдиргенден чарчабаган Жээнбековду ой-да ашкереледи. Салкынай Алимбаеваны болсо “коррупционердин көпкөн ойсекеси” атады.
“... Ушундай ойсокелердин айынан канча бала бакчага бара албай, мектепте бир класста 45-50дөн окуп, жол салынбай, курсагы тое тамакка жетпей өлбөстүн күнүн көрүп келишет.
... А бул арам тамактын балдары чет өлкөдө гана окуп, чартаңбай тебишет!
... Мына, Равшана Гейбекованын, тоюс Жээнбекованын аялы. Карапайым элди теңине албаган текебер аял!
... Элдин мүлкүн сатып, чочкодой байыган силерге окшогондорду жалпы карапайым колхозчу, комбайнчы, малчылардын каргышы урсун!” – деп жазды депутат.
Андан кийин дагы бир жолу билдирүү калтырды:
“Күйөөсү гей болуп кеткенине катуу кейисе керек!
... Эри Кыргызстанды сызга отургузуп, чочкодой элдин эсебинен байыганын унутса керек! Бетинде сүйкөгөн эндиги, бренд кийимдери, жеген тамагы бүт арам экенин, элдин көз жашы экенин унутпасын!
... Комбайнчы деп былжыраптыр! Ошо комбайнчылар болгон үчүн нан жеп, бетин боеп, көчүгүн чайпап жүргөнүн билбей эсирген катын да!
... Өзүн элита сезет экен, элдин канын ичип элита болгондордун тоюнда жүрө бер, мен карапайым элдин тоюнда болгонум жакшы.
... Эриңди башка чаап барган жеринен кууп атышат, эми сенин да бетиңе түкүргөн күн келет!
... Силерди жалпы Кыргызстандын каргышы урсун! Эриң не деген гана элдин ырыскысын сатып, ичип, жеп, тоноп сага окшогон эси жок катынды көптүрдү да!
... Атасынын сөөгү сууй электе саясат үчүн көчөгө гейлерди колдоп чыккан эркек үчүн сыймыктанбай эле кой!
... Жеген наның, тамагың, кийген киймиң, бүгүнкү жыргалчылың бүтүндөй кыргыз элиндеги комбайнчылардын маңдай теринен, күн, түн уктабай талаада суу сугарган сугатчылардын мээнетинен экенин эсирген катын эч качан эсиңен чыгарба! Кекиртегиңди тилип, элдин каргышы көөдөнүңдө турсун ар дайым!
... Эсирген катын эринин да, элинин да шору! Элдин көз жашынын акчасына чартаңбай тепкениң көзүңдөн чыксын акыры!
P.S. Бул эсирген, көпкөнүнөн көзү тумандап, карапайымдарды теңине албаган эси жок катын. Ош базарга барбайт, жөө баспайт, кийген, кийимине, ичкен тамагына, машинасына мактанат. Бирок, ушунун баары бел бекчейтип, көз чекчейтип, эртеден кечке базарда отуруп, талаа сугарып, комбайн айдап, эгин чапкан элдин ырыскысы! Элдин каргышы урсун! Элита болбой эле койдум сага окшоп, элдин арасында оюмду кенен айтып, ээн, эркин жүрөйүн. Менин эне атаман айлан миң жолу балакетин ал. Алар мени өз оюмду бетке айттырып, чынчыл тарбиялашкан! Эне, атама таазим, бири комбайнчы, бири мугалим! Сага окшоп арам тамак эмес!”