5-каналдын “Апта сереп” программасында журналист Эльнура Алканова “Азаттыктын” “Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи” аттуу иликтөөсүндөгү күмөн санаткан жана суроо жараткан жагдайларды иликтеди. “Азаттыкка” ишенимдүү булагы сунуштаган документтерди текшерип көрдү жана бул миллиондор маселесине байланышкан бир катар жаңы фактыларды таап чыкты. Андан да маанилүүсү - документтерге коюлган кол кытай жараны Аэеркен Саймаитиники эмес, Америка Кошмо Штаттарында жолбун иттерге кам көргөн бир компаниянын аткаруучу директору Адам Стенфилд аттуу адамга таандык экени белгилүү болду.
Мына ушул көрсөтүүдөн кийин “Азаттыктын” иликтөөсү коомчулукта күмөн ой жаратып, эки башка пикир кармангандардын катары калыңдады. Кыргызстандан миллиондогон акчалар чет өлкөгө чыгарылып кетти деген иликтөөнүн автору Али Токтакунов 5-каналдын иликтөөсүнө макул эмес. Ошонтип, эки маалымат каражаттары өз чындыгын далилдөө менен убара тартышууда.
«Мен «Азаттыктын» иликтөөсүн көргөнүмдө кесиптик адатыма салып, документтердеги деталдарга маани бердим. Мен байкаган биринчи нерсе – видеороликтин 3-мүнөтүндө Али Кыргызстандан чет өлкөгө которулган акчалардын документин көрсөттү. Ал жерде кытай иероглифтери менен Саимсаитинин колу коюлган. Андан кийин 27-мүнөттө башка документтерди көрсөттү, анда Саимаитинин колу башкача – латын стилинде коюлуптур. Мен ал кол тамганы кыркып алып, Yandex Photo издөөгө койдум. Издөө дароо эле бул кол тамганын көчүрмөсүн http://www.spcaflorida.org/blog/ed-corner-august2015/ сайтынан таап берди. Ал жерде SPCA Florida америкалык фондунун директору Алам Стенфилл ачык кат менен кайрылып, аягына ошол эле – “Азаттык” Саимаитинин кол тамгасы деп көрсөтүп жаткан кол тамганы койду.
Андан кийин да документтердин жарымы жасалма экенин көрсөткөн башка деталдар чыкты. Башка документтердин чын-бышыгын териштирүүгө мүмкүн болбоду. Анткени, алар “Азаттыктын” иликтөөсүндө сапатсыз тартылган”, - деп жазды журналист Эльнура Алканова Фейсбуктагы баракчасына.
5-каналдын иликтөөсү чыккандан кийин “Азаттыктын” директору Айзада Касмалиева соцтармактагы баракчасына мындай билдирүү калтырган:
Эльнура Алканова Касмалиеванын билдирүүсүн “ар намыска шек келтирүү” катары баалады.
“Айзада Касмалиева бизди “акчага алданган күчүктөр” деп жазып чыкты. Мага асылгандардын баарын 5-каналдын деракциясына чакырам, кимдир бирөөнү мазактагандан биринчи өз сөзүңөргө далил тапкыла”, - деп белгиледи Алканова.