Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновго карата ачылган кылмыш ишиндеги  тергөө соңуна жетти.

 

Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 

 

Маалыматка караганда, учурда Илмиянов жана анын жактоочусу кылмыш  ишинин материалдары менен таанышып жатат.

 

 

Эске салсак, Илмиянов 150 миң долларды мыйзамсыз ээлеп алган деген негизде айыпталган. Кылмыш иши УКМКнын Тергөө башкармалыгы тарабынан козголгон.