Депутат Аида Исмаилова парламент жыйынында дарыгерлерди кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу Мамлекеттик институнунун жаңы дайындалган жетекчиси Рустам Курманов буга дейре мамлекетке келтирген чыгымы үчүн соттолгонун айткан. Депутаттын айтымында, Курманов дары-дармек менен камсыздоо Департаментин башкарып турган учурунда коррупциялык схемага аралашкан.

 

 Саламаттыкты сактоо министрлиги бул маалыматты жокко чыгарды. Анда айтышкандай, Курманов илимдин доктору, профессор, экология жана адамзат коопсуздугу боюнча эл аралык академиянын академиги. Министрдин буйругу менен ал аталган Мамлекеттик институттун ректору болуп дайындалган.

 

 

 Ошондой эле ал эч убакта соттолбогон жана кылмыш жоопкерчилигине тартылбаган. Ага ылайык, жумушка орношуу боюнча чектөөгө туш болбогон.

 

А бирок Башкы прокуратуранын 2017-жылдын 17-январындагы маалыматы  депутат Исмаилованын билдирүүсүн тастыктайт. Анда, Саламатыкты сактоо министрлигинин алдындагы дары-дармек менен камсыздоо Департаментинин башчысы Р. Курманов мамлекетке 945 474 сом зыян келтирип,  КР Кылмыш кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш ишинин фигуранты болгону айтылган.