Май айында Бишкекте ысык суу 6-майга чейин гана берилген. Бирок, май айы үчүн ысык сууга төлөм толугу менен чыгып келүүдө.
Бул тууралуу шаардыктар соцтармактарга жазып жатышат. “Бишкекжылуулуктармагынын” колдонуучусу элди жок жерден төлөмөй кылып жатышат деп белгилейт.
Ал эми аталган ААК төлөмдөр айдын биринчи алты күнү, ысык суу берилген учур үчүн гана жазылганын айтышты.