Фейсбук тармагынын колдонуучусу Алмаз Темирбаевдин жазганына караганда, “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Канатбек Исаевге КСДП фракциясынын депутаты Бактыбек Жетигенов келип сабап салган.

 

 Анда жазылган маалымат боюнча, мушташтын себеби үч күн мурунку билдирүүдө турат. Канат Исаев трибунада сүйлөгөн. Сөз экс-президент Атамбаев тууралуу болгон. Ошол эле күнү анын кабинетине Бактыбек Жетигенов келип, канжалаганча сабаган. А Исаевден ошол бойдон кабар жок.

 

Парламенттин басма сөз кызматына кайрылганыбызда, мындай маалыматты аты аталган депутаттардын өздөрү гана тастыктай алышаарын билдиришти. А бирок, Исаев менен байланышуу мүмкүн болбоду. Жардамчылары да телефонго жооп беришпеди.

 

 Ал эми Жетигеновдун жардамчылары депутаттын Исаев менен болгон чыр-чатагын билишпегенин айтышты. А депутат бул учурда кайсы бир жолугушууда жүргөн экен.