13 июнда, Сузак районунда балдарга арналган “Биздин балдар-планетанын келечеги!” аттуу чоң иш-чара өттү. Аталган иш-чарага Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагында жайгашкан " Ариет", Ырыс айыл аймагында жайгашкан "Нур- шоола"  жана Барпы айыл аймагында жайгашкан "Ай-Нуру" реаблитациялык борборлорундагы балдар катышты. Жалпы 75 балага оюн-зоок уюштурулуп, ар бир балага бал муздак, түрдүү белектер берилди. Муну менен бирге иш-чара спорттук оюндар менен коштолуп, маданий массалык эс алуу тартууланды.

 

«Биздин балдар – планетанын келечеги!» аттуу бир айлыктын алкагында Жалал-Абад шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы  балдар арасында спорттук сынактарды өткөрдү.

 

Ошондой эле, Жалал-Абад шаарында үй- бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө максатында 50  жылдан ашуун бирге жашаган үй - бүлөлөрдү куттуктоо иш чаралары өткөрүлдү.