Талас шаарынын тургуну мэр Айдар Жузупбековго кол салган. Бул тууралуу аймактык ИИБден кабарлашты. 

 

Маалыматка караганда, окуя 10-июнда болгон. Мэрге кол салган киши көмүрдү мыйзамсыз саткан. Ошондуктан ага бир нече жолу сооданы токтотуу боюнча эскертүү берилген, бирок ал укккан эмес. Акырында мэр өзү эскертүүгө барганда, жаран анын машинесинин терезесин таш менен талкалап, анан аткаминердин жүзүнө муштаган. 

 

 

Мэр жараат алган эмес. Жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.