Ысык- Көлдө туристтик мезгил башталып калганын белгилеген депутат Бактыбек Турускулов Жогорку Кеңештин жыйынында даярдык жакшы болбой жатканын айтты.
"Өкмөт менен бирге барып, андагы абалды жеринен көрүп келсек жакшы болмок. Мен бул маселени көтөргөнүмдү койбойм, өкмөттүн өкүлү жооп бергенден тажабайт, маселе болсо дагы эле чечилбей турат", - деди депутат.
Айтымында, туристтик мезгил башталганга чейин Балыкчы – Корурмду жолунун Тору-Айгыр тарабындагы бөлүгү салынаары жарыяланган. Бирок, ал курулбай калды. Жергиликтүү тургундар 3 жылдан бери кыйналууда.
"Мен бул маселени дагы да көтөрө берем. Көптөгөн көйгөйлөр чечилбей турат, аларды өз маалында чечиш керек да. Айтып койгула, бул маселелер боюнча премьер-министрдин оюн уккубуз келет», - деди депутат.