Бишкекте Азиянын эки жолку чемпиону, Азия оюндарынын эки жолку күмүш байге ээси, Дүйнө биринчилигинин байге ээси Раатбек Санатбаевдин элесине арналган грек-рим боюнча эл аралык мелдеш башталды.
Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Мелдеш Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда өтүп жатат. Ага Казакстан, Монголия, Тажикстан, Түркия, Бразилия, Россия, Өзбекстан жана Кыргызстандын спортчулары катышууга келишти.