2010-жылдагы каргашалуу июнь окуясында каза болгондор, дайынсыз жоголгондор бүгүн, 10-идюнда Ош шаарында  эскерилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

 

 

Маалыматка караганда, шаардагы “Энелердин көз жашы” мемориалдык комплексинде эскерүү иш-чарасы өтүп, иш-чарага вице- премьер-министр Замирбек Аскаров, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, коомдук ишмерлер жана окуяда каза болгондордун жана дайынсыз жоголгондордун жакындары катышты.

 

Курман болгондорго  багышталып куран окулуп, эстеликке гүлчамбарлар коюлду.

 

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаарда улуттар аралык бөлүнүүгө жол берилбей турганын, учурда ынтымакта жашоо уланып жатканын билдирди.