Нарындагы Ички иштер башкармалыгынын кызматкери футбол ойноп жатып каза тапты.
Бул тууралуу аталган башкармалыктан билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 9-июнда ИИБдин жана ӨКМнын кызматкерлери футбол боюнча мелдеш өткөрушкөн. Оюн учурунда милициянын полковниги өзүн жаман сезген. кийин белгилүү болгондой, анда милиция кызматкери жүрөгүнөн инфаркт алган. Маркум 51 жашта болгону айтылат.