“Чыңгыз Дөө” деген каймана аттын ээси Чыңгыз Жумагулов камалып отурган камерадагы сүрөт жакында соцтармакка тараган. Сүрөттө аны менен кошо дагы башка кармалуучулар да бар, стол үстү дүр-дүйүм тамакка толгон, жерге палас салынган. Бул сүрөттү көргөн адам Чыңгыз-Дөөнүн темир тор артында экенине ишенбей, кадимки үйдө эркин жашоодо жашап атат деп ойлоору шексиз.
Ага удаа ЖАМК дагы сүрөт жарыялап, буга чейинки жарыяланган сүрөт эски экенин, учурда Жумагулов №47 колонияда “аллергиялык дерматит” диагнозу менен дарыланып жатканын билдирди.
1-сүрөт

2-сүрөт
