Жети-Өгүз райондук соту бир жарым жаштагы баланы сабап, өлүмгө кириптер кылган аялдын ишин карап, аны күнөөлүү деп тапты. 

 

Райондун прокуратуранын маалыматына караганда, аял тогуз жылга эркинен ажыратылды. Андан тышкары айыптууга 90 миң сом айыппул салынды. Бирок, соттолуучу темир тор артына кеткен жок, анткени беш жаштагы кызына карап сот жазасын тогуз жылдан кийин, кызы 14 жашка чыкканда өтөөгө чечим кабыл алды. 

 

Эске салсак, аял өткөн жылдын декабрь айында Москвага иштегени кеткен тууганынын бир жарым жаштагы баласын катуу сабап, анын кесепетинен бала каза тапкан.