ЖК депутаты Зарылбек Рысалиев инсультка кабылган жок. Бул дарыгерлердин текшерүүсүнөн кийин тастыкталды. 

 

Президенттик иш Башкармалыгынын Клиникалык ооруканасынан кабарлашкандай, депутаттын инсультка кабылбаганын МРТ тастыктаган. Андан тышкары Улуттук госпиталдын дарыгерлери менен чогуу консилиум өткөрүшкөн, алар дагы инсульттун жоктугун айтышкан. Учурда Рысалиевдин акыбалы жакшырды, бирок туруктуу-оор бойдон калууда. Мээдеги бузулуу кан басымдын кескин жогорулап кеткенине байланыштуу болгон. Азыр депутат бир топ түшүнүктүү сүйлөп калды. 

 

Рысалиев Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулганы боюнча кылмыш ишинин алкагында ИИМде суракка алынган. Андан кийин акыбалы начарлап, ооруканага жеткирилген.